www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков («Ыйман Нуру») жакында эле Кыргызстандын айылдарынын биринде бир уруу өз уруусунун атын айылга ыйгарууну каалаганынын айынан эки уруунун ортосунда уруш чыкканын билдирди.
«Канча адамдар жаракат алыптыр, бул уят, бул шерменде нерсе», - деди ал. Ал мындай болбош үчүн айылдарды уруу аттары менен атабоо боюнча мыйзам кабыл алууну сунуштады. Себеби бир айылда бир нече уруунун өкүлдөрү жашайт, дейт ал.
«Уруу — бул текебердик үчүн эмес, өзүңдүн тегиңди, тарыхыңды бил, бирок биз бир кыргыз элинин өкүлүбүз, адамзаттын өкүлүбүз. Ынтымакка чакырсак, жакшылыкка чакырсак», - деп кошумчалады депутат. Кадырбеков окуя болгон айылдын атын атаган жок.
Булак: NazarNews.kg