www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков курска байланыштуу кымбаттаган азык-түлүктүн баасы арзандабай жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 30-марттагы парламенттин жалпы жыйынында билдирди.

Депутаты Кадырбеков АКШ долларынын курсу төмөндөп, мурунку калыбына келгени менен, бирок курска байланыштуу кымбаттаган азык-түлүктүн баасы арзандабай жатканын айтып, себебине кызыкты.

«Өткөндө доллар көтөрүлдү деп чукул арада, көз ирмемде товарлардын баалары өстү. Өзгөчө биринчи керектеле турган азык-түлүктүн баасы. 105 сомго чыккан доллар кайра мурдагы калыбына келип, 85 сомго түштү. Бирок товарлардын көпчүлүгү арзандабай кала берди. Антимонополия агенттигине тапшырма берели, керек болсо кат жөнөтөйүн. Баалар бат көтөрүлөт, бирок качан болсо арзандашты унутуп калат, эмне үчүн?» — деди депутат.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости