www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков Бишкек шаарынын мэриясынан Кыргызстанда чыгарылган "Белес" автобустарын сатып алууну талап кылды. Эл өкүлү жаңы чыгарылганда мамлекет башчы Садыр Жапаров барып айдап көрүп, башында 10 автобус сатып алууну, жакшы чыкса дагы көп буюртма берүүнү убадалаганын эске салды.

"Президенттин сөзү — бул шамалдын ышкырыгы эмес. Арадан бир аз өткөндөн кийин Бишкектин мэри "карап көрдүк, андай-мындай экен, албайбыз. Дүйнөдө жакшы автобустар бар, булар кол менен чогултат экен" деп жатат. Анан эмне менен чогултсун, мамлекет завод куруп же бир жабдык сатып бербесе. Чет элдик кредитке автобус алып келебиз дегенде дагы акча өзгөгө кетпей, өзүбүздө калсын дегем. Анда мэрия "башка бюджеттин эсебинен сатып алабыз" деп оозун толтуруп айткан", — деди Кадырбеков.

Депутат - мамлекет жардам бербесе өндүрүштүн өсүүсү кыйын болоорун белгиледи. "Кыргызда "сөзү өлгөнчө өзү өлсүн" деген кеп бар. Мэр, биринчиден, өзүнүн сөзүн, экинчиден, президенттин сөзүн өлтүрүп жатат. Мэр экөөбүз бир араба да жасай албайбыз. Министр, мэрлер отурат жөн эле, маселени кабинеттеги бир аял чечет. "Кымбат экен" деп жатасыңар, көп чыккандан кийин арзандайт да. Президенттин сөзү эки болбосун, ушуну сатып алууну талап кылам", — деди эл өкүлү.

Ошондой эле ал Solaris компаниясынын автобустарын алгач Варшава мэриясы сатып алып, өнүгүшүнө көмөкчү болгонун мисал келтирди. Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров "Белес.kg" компаниясынын автобустары базар баасынан 40-50 миң еврого кымбат экенин айтып, сатып алуудан баш тарткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости