www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик иш-чаралар биринчи орунда турушу керек. Кээ бир ырчыларды анча-мынча официалдуу кечелерге чакырып калсаӊ, тоюм бар эле дегенин угуп жүрөм. Мамлекеттик иш-чараларга чакырган учурда келбеген ырчыларга чара көрүү керек. Мындай пикирин маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков билдирди.
“Өзбекстанда эстрада ырчыларына лицензия берилсе ырдай алат, бербесе ырдай албайт. Ал эми Кыргызстанда андай эмес, бизде эстрада ырчылары той бизнеси аркылуу каражат табат. Анткени лицензия берип, аларды мамлекет каржылоого күчү жетпейт. Бирок мамлекеттик иш-чаралар биринчи орунда турушу керек. Себеби ушул мамлекеттин мыйзамы менен жашап, наам алып жатасың. Кээде ырчыларды анча-мынча мамлекеттик иш-чараларга чакырып калсаң, тоюм бар эле деген ырчыларды дагы угуп жүрөм, мындайга чара көрүү керек”, – деди Кадырбеков.
Булак: NazarNews.kg