www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нью-Йоркко Борбор Азиянын IT адистери чогулду

Нью-Йоркто «Борбор Азия - санариптик өнүгүүнүн кезектеги багыты» деп аталган IT форум өтүп жатат. Ага Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын IT компаниялары катышууда.

Форумда Борбор Азияда IT рыногун түзүп, америкалык жана эл аралык рынокко чыгуунун жол-жоболору, тажрыйба алмашуу, рынокко керектүү адистерди окутуу маселелери талкууланды.

Электрондук коммерцияны өнүктүрүү аркылуу, аянтчалардын тиркемелерин иштеп чыгуу менен дүйнөлүк онлайн соода базарына кеңири жол ачуу тууралуу баяндамалар жасалды.

Ошондой эле экономиканын бардык тармактарын санариптештирүү жолдору каралды. Бул иш-чараны Кыргызстандын АКШдагы элчилигинин колдоосу менен Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркы жана Кыргыз-америка ассоциациясы уюштурду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости