www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өлкөнүн тоолуу аймактарында 9-10-сентябрь күндөрү аба ырайы бузулуп, калың кар жааганына байланыштуу Жалал-Абад, Талас, Нарын жана Чүй облустарынын тоолуу аймактарында, жайлоолордо чабандар мал-жандыктары менен калып калышкан.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, жалпы республика боюнча 40 чабан, 299 жылкы, 1183 бодо мал жана 25 716 кой-эчкилери менен түшүрүлгөн. Алардын ичинен 7 жылкы, 1 уй жана 265 кой-эчки өлгөн.
Нарын облусунда жалпы 4 чабан 2100 кою, 13 бодо малы жана 60 жылкылары менен түшүрүлгөн. Мындан сырткары, башка облустардагы мал-жандыктары менен тоодо калып кеткен чабандарга тиешелүү жардамдар көрсөтүлгөн.
«Чүй жана Жайыл районунун жайлоолорунан 11 чабан 150 жылкы, 400 бодо малы жана 4800 кой-эчки менен түшүрүлгөн. Анын ичинен 200 баш кой жана 4 жылкы өлгөн. Нарын облусунун жайлоолорунан 4 чабан 2100 кой, 13 бодо мал жана 60 жылкылары менен түшүрүлгөн. Анын ичинен 3 жылкы 1 баш уй өлгөн. Жалал-Абад облусунун Токтогул, Тогуз-Торо, Сузак жана Аксы районунун жайлоорунан 18 чабан 16 616 кой-эчки, 500 бодо мал, 55 жылкы түшүрүлгөн. Анын ичинен 65 кой өлгөн. Талас районунун жайлоолорунан 7 чабан болжол менен 2200 кой, 270 бодо мал, 34 жылкылары менен түшүрүлгөн. Жалпы республика боюнча 40 чабан, 299 жылкы, 1183 бодо мал жана 25 716 кой-эчкилери менен түшүрүлгөн. Алардын ичинен 7 жылкы, 1 уй жана 265 кой-эчки өлгөн", — деп айтылат маалыматта.