www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чек арадагы куралдуу кагылыштан жабыркаган Баткен элине 4-майга карата жалпысынан 538 тонна гуманитардык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кагылыш башталары менен, тактап айтканда, 29-апрелде кагылыш жүрүп жаткан аймакка 18 даана техника бөлгөн. Өздүк курамдан 256 жаран тартылып, гумжардамдарды жерине жеткирүү боюнча иштерди алып барышууда.
«4-майга карата Баткенге жалпысынан 538 тонна гумжардам келди. Анын 342 тоннасын биздин жарандар өздөрү жеткирип берди. 176 тоннасын ӨКМ жеткирип берди. Учурда ӨКМдин кампасында 20 тонна гумжардам сакталып турат. Муктаждык жаралса, ал дагы таратып берилет, - деп айтылат маалыматта.
29-апрель күнү Бириккен Араб Эмираттарынан 54 тонна азык-түлүк келди. Аны дароо «Манас» эл аралык аэропортунан ӨКМдин 5 КамАЗы тартылып, түз эле Баткенге, Лейлектин айылдарына жеткирдик.
Кыргызстандын элинен айланса болот. Өлкөнүн булуң-бурчунан жардам келип жатат. Биринчилерден болуп, Жалал-Абад, Кызыл-Кыядан жеткирип беришти. Бүгүн Нарын облусу 2 фура жөнөтөт, Ысык-Көл облусунан да жардамдарды жеткирүүнү уюштуруп жатабыз. Азырынча Баткенге тамак-аш жетиштүү», - деди Абылов.
Булак: NazarNews.kg