www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коронавирустан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 8 кызматкери каза тапкан. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Акматов брифингде билдирди.
Анын айтымында, кызматкерлерди жеке коргоочу каражаттар менен камсыздап, бардык санитардык талаптардын аткарылышына карабай 2020-жылдын 14-июнунда илдеттен каза болгон алгачкы учур катталган.
--"ӨКМдин 354 кызматкери ооруга кабылган. Анын 191и коронавирус жуктуруп алса, 163ү пневмония менен ооруган. Учурда 344 кызматкер сакайып чыкты", - дейт ал.
Булак: NazarNews.kg