www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК тарабынан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусунун Кара-Суу райондук өрткө каршы күрөшүү кызматында курулушту оңдоо иштеринде жасалма келишим түзүү фактысы аныкталды.

Маалым болгондой, тиричилик буюмдарын жана курулуш материалдарын сатып алуу боюнча өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгында 576 миң сом сунуштаган «Тасма-Групп» жоопкерчилиги чектелген коому жеңүүчү деп табылган. Бирок келишим түзүлгөндөн кийин ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгын башчысынын орун басары, милициянын майору М.Н.нын сунушу менен «Тасма-Групп» ЖЧКнын директору А.у.Э. акчаны накталай алып, ортомчулук кызматы үчүн пайыздарды алгандан кийин калган акчаны ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгын башчысы, полковник Ш.Н.Ж.га берген.

Жогоруда көрсөтүлгөн фактыларды жашыруу максатында башкармалыктын башчысынын орун басарынын көрсөтмөсү боюнча курулуш-тиричилик материалдарын жасалма кабыл алуу-өткөрүп берүү актылары түзүлгөн.

Бул иштин материалдарынын негизинде 30-ноябрда Ош гарнизондук Аскердик прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши катталган.

Азыркы учурда тиешелүү тергөө амалдары жүрүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости