www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт 10 миллион доллар насыянын кайда жумшалаарын айтты

Кыргыз өкмөтү ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фондунан 10 миллион доллар насыя алат. Бул тууралуу Экономика жана финансы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Келишим өкмөттө бекитилип, ага экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков кол койгон.

Каражат Балыкчы — Каракол — Балыкчы айланма трассасынын айрым бөлүктөрүн (Корумду айылынан Балбай айылына чейинки аралык) реконструкциялоого багытталат. Оңдоло турган жолдун жалпы аянты 80,5 чакырымды түзөт.

Жер казуу жана дренаждык иштер жүргүзүлүп, көпүрө курулат. Мындан сырткары, каражат консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө, менеджмент жана жолдорду тейлөө үчүн жабдууларды сатып алууга сарпталат.

Корумдудан Балбай айылына чейинки жолду калыбына келтирүү үчүн сарпталуучу каражаттын жалпы суммасы 128 миллион долларды түзөт.

Каражат кандай сарпталат (доллар менен):

курулуш иштери — 110 миллион;

консультациялык кызмат көрсөтүүлөр (деталдуу долбоорлоо жана курулушту көзөмөлдөө) — 4 миллион;

жолду тейлөө үчүн жабдууларды сатып алууга — 1,5 миллион;

транспорттук каражаттардын салмагын көзөмөлгө алуу үчүн мобилдик жабдууларды сатып алууга — 340 миң;

долбоорду ишке ашыруучу бөлүмдү тейлөөгө — 500 миң;

финансылык аудит — 50 миң;

күтүлбөгөн чыгымдар — 11,6 миллион.

Ошондой эле Сауд өнүктүрүү фонду насыя түрүндө 35 миллион доллар берет. Долбоордун калган бөлүгүн (93 миллион) каржылоо үчүн башка насыя тартылат:

Кувейттик араб экономикалык өнүктүрүү фонду 28,9 миллион доллар;

Абу-Даби өнүктүрүү фонду — 22 миллион;

Ислам өнүктүрүү банкы — 20 миллион;

ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фонду — 10 миллион (Экономика жана финансы министрлиги дал ушул насыя тууралуу билдирип жатат).

Мындан сырткары, өкмөт тарабынан долбоордун 12,1 миллион долларын каржылоо каралган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости