www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуу Британиянын полициясы коронавирустук каттал чектөөлөр маалында Даунинг-стриттеги өкмөттүк резиденциянын аймагында кече өткөрүлгөнү тууралуу маалыматты текшерүүдө.
Буга чейин айрым британ басылмалары биринчи жолу катаал локдаун жарыяланган маалда – 2020-жылы 20-майда болгон иш-чарага премьер-министр Борис Жонсон жубайы Кэрри (ал кезде сүйлөшкөн кызы) менен катышканын жазышкан.
10-январда ITV телеканалы Жонсондун жеке катчысы Мартин Рейнолдстун атынан жазылган электордук чакыруу барагын жарыялады. Электрондук текстке ылайык, жүздөн ашуун кызматкер премьер-министрдин резиденциясындагы пикникке чакырылган. Чакырууда; “Сураныч, кечки саат алтыдан баштап бизге кошулуңуз жана ичимдигиңизди ала келиңиз,” деп жазылган.
The Guardian белгилегендей, ошол маалда Улуу Британияда расмий түрдө мындай кечелерге чогулууга тыюу салынган. Таза абада бир үй-бүлөнүн мүчөсү болбосо, эң көп эки киши жолуга алган.
Журналисттердин маалыматы боюнча Даунинг-стриттеги пикникке 30-40 киши келген. Эки күбө Би-би-сиге Жонсондун да катышканын айткан. Өкмөт башчы расмий иликтөө жүрүп жатканына таянуу менен суроолорго жооп берүүдөн баш тартууда.
Булак: NazarNews.kg