www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 13-ноябрда Өкмөт үйүнүн алдына Военно-Антоновка айылынын тургундары кайрадан митингге чыгышты.
30га жакын адам президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдон жерлерди транформациялоо мыйзамына кол коюп, акцияга чыккандар менен жолугушуусун талап кылып жатат.
Эске салсак, Военно-Антоновка айылынын тургундары кечээ, 12-ноябрда Ак үйдүн алдында нааразычылык акциясын уюштуруп, имаратка кирүүчү жолду тороп, Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугууну талап кылышкан. Мунун натыйжасында катардагы мамлекеттик кызматкерлер мекемеге кире алышкан эмес.
Андан кийин митингчилер Өкмөт үйүнүн алдына өтүп, эгерде бийлик өкүлдөрү чыкпай турган болсо, түнү менен ошол жерде калаарын айтышкан. Бирок бир-эки саат өткөндөн кийин алар тарап кетишкен.
Булак: NazarNews.kg