www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт үйүнүн алдында митинг өтүүдө

Бүгүн, 4-ноябрда өкмөт үйүнүн жанында Лебединовка айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Бердибек Чынтемировго каршы митинг өтүп жатат.

Эски аянтка чогулган жыйырмага жакын адам президенттен алардын көйгөйүнө көңүл бурууну өтүнүштү.

Чогулгандардын айтымында, Чынтемиров жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелүүдө.

Өз кезегинде Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы Чынтемировго карата кылмыш иши козголгонун билдирди. 25-июнь күнү жабырлануучулардын бири Аламүдүн РИИБине кайрылган.

Бул факт Жазык кодексинин 204-беренесинин («Алдамчылык») негизинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

«Иш боюнча экспертиза дайындалып, анын корутундусу боюнча юридикалык баа берилет. Ошондой эле сотко чейинки өндүрүштү толук, ар тараптуу жана объективдүү кароого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат», - деп айтылат милициянын маалыматында.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости