www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Октябрь айынын жыйынтыгы менен Кыргызстандын алтын валюта резерви 50,4 миллион долларга кыскарды. Бул туурасында Улуттук банктын сайтында көрсөтүлгөн.
Белгилей кетсек, сентябрь айынын соңунда резервдин көлөмү 2 миллиард 994,6 миллион долларга барабар болчу. Бир айдан кийин ал 2 миллиард 944,3 миллион долларга түшүп калды. Бул тарыхта болгон экинчи көрсөткүч деп саналууда.
Ошол эле учурда Улуттук банк октябрь айында доллардын курсун жөнгө салуу максатында 59,5 миллион доллар саткан.
Алтын валюта запасы (эл аралык валюта резерви) Улуттук банктын сомдун курсун туруктуу көзөмөлдөп туруусуна мүмкүнчүлүк берет. Ал CDR (Атайын карыз алуу укугу – Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) жасалма резерв жана төлөө каражаттары) сыяктуу ондогон валютадан жана алтындан турат.
Август айынын аягында алтын запасынын көлөмү 3 миллиард доллардан ашкан, бирок кийин кайра төмөндөй баштады.
Булак: NazarNews.kg