www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылы октябрдагы окуялардан кийин чиновниктер, саясатчылар гана эмес, айрым кримтөбөлдөр да кармалды.

Октябрдагы окуялардан кийин кармалган кримтөбөлдөр:

Камчы Көлбаев

Камчы Көлбаев УКМК тарабынан 2020-жылы 22-октябрда кармалган. Аны кармап кетүү үчүн «Avangard» спорт клубуна барышкан.

УКМКнын расмий билдирүүсүнө караганда, аларга «мыйзамдагы ууру» делген криминалдык авторитет Камчыбек Асанбек (Камчыбек Көлбаев) тууралуу айрым маалыматтар келип түшкөн. Ал маалыматтар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 249-беренесинин (Кылмыштуу уюмду түзүү же ага катышуу) 1-бөлүгү менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

23-октябрда Биринчи май райондук соту Камчы Көлбаевдин баш коргоо чарасын карап, ага ылайык, кримтөбөл УКМКнын абагына убактылуу камакка алынган.

2-ноябрда Көлбаев ден соолугуна байланыштуу №47 түзөтүү абагына которулган.

2021-жылы 2-мартта Бишкек шаардык соту Көлбаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүп, өлкөдөн чыкпоо жөнүндө тил кат менен үй камагына чыгарган.

3-мартта УКМКнын басма сөз кызматы Көлбаев кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырган деп айыпталып жатканын билдирген.

«Ага байланыштуу мамлекетке 250 млн сом өлчөмүндө зыян келтирилген. Учурда Көлбаевдин туугандары тарабынан 49,6 млн сом которулган», - деп айтылат УКМКнын 3-марттагы маалыматында.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости