www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Октябрь айында пенсия көбөйөт

1-октябрдан тартып Кыргызстанда пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү көбөйөт. Министрлер кабинетинин № 534 токтомунда “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамына ылайык 1-октябрдан тартып пенсия 7100 сомдон кем болбойт деп белгиленген.

"Токтом" порталына жарыяланган маалыматка ылайык, 1-октябрдан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүнө кеминде 600 сомдон кошулат. Ал эми 50 миң сомдон көп суммада пенсия алгандарга эң көбү 5 миң сом кошулат.

Социалдык фонддун маалыматына караганда, Кыргызстанда 50 миң сомдон жогору пенсия алган 800дөн ашуун адам бар.

Былтыр 1-октябрдан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 18% жогорулап, эң аз пенсия 6900 сомго жеткирилген.

Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамынын 44-беренесине ылайык, пенсия жашоо минимумунан төмөн болбошу керек. 

Последние новости