www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөдө күчөп жаткан аптап ысык Күндүн активдүүлүгүнөн эмес, адамзаттын айлана-чөйрөгө тийгизген таасиринен улам болуп жатат. Бул тууралуу климат боюнча окумуштуу, Техас технологиялык университетинин профессору Кэтрин Хэйхо билдирди.

Анын айтымында, глобалдык жылуулуктун негизги себептери — парник газдарынын көбөйүшү, токойлордун кыйылышы жана жер менен жаратылыш ресурстарынын сарамжалсыз пайдаланылышы. Окумуштуу азыркы ысыкты табигый факторлорго байланыштырууга негиз жок экенин белгиледи.

Хэйхо климаттык өзгөрүүлөрдүн кесепетин азайтуу үчүн таза энергетиканы өнүктүрүп, жаратылышты коргоо жана айыл чарбасын экологиялык талаптарга ылайык жүргүзүү зарыл экенин айтты.

Акыркы күндөрү катуу ысык Кыргызстанда да, дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө да байкалууда.

Последние новости