www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сенегалда жүздөгөн балыкчыларды жабыркаткан белгисиз оорунун себеби аныкталды, деп билдирет RFI радиосу.
Бул сырдуу илдет жөнүндө алгач 2020-жылдын ноябрында маалым болгон. Анда 100дөн ашуун балыкчы ооруп, дарт өлкөнүн батышындагы Руфиск менен Мбур порттук шаарларынын ортосунда, Дакардын жанында тараган. Ооругандарда денесине катуу жара сымал бүдүрлөр чыгып, териси жабыркаган.
Арадан беш жыл өткөн соң гана илимпоздор анын башкы себепкерин тапты: бул Vulcanodinium rugosum деген балыр жана анын Portimin деп аталган уулуу заты.
"Бул токсин микробалыр тарабынан өндүрүлөт. Анын көлөмү ушунчалык кичине болгондуктан, жылаңач көз менен көрүү мүмкүн эмес, бирок ал өтө көп кездешет. Азырынча бул балыр кандай шартта пайда болорун так билбейбиз", – деп түшүндүрдү Франциянын Туруктуу өнүгүү боюнча изилдөө институтунун окумуштуусу Патрик Бремер балыкчылар менен жолугушууда.