www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Альп тоолорунун Италия тарабындагы Мармолада мөңгүсүнүн 15 жылдын аралыгында глобалдык ысуудан улам түгөнөөрү билинди.

Альп тоолорунун Италия бөлүгүндөгү Мармолада мөңгүсү боюнча жасалган изилдөөлөрдү улай Падова университетинин окумуштуулары, италиялык маалымат булактарына аталган мөңгүгө байланышкан абалдын “драмалуу” экенин билдиришти. Мөңгү боюнча георадардык изилдөөгө катышкан Доц., доктор Алдино Бондесан: “Мөңгү акыркы 70 жыл ичинде жалпы көлөмдүн 80%дан көбүн жоготту. 1954-жылы 95 млн метр куб болгон көлөм, азыр 14 млн метр куб. Жоголушуна байланышкан божомолдор барган сайын чындыкка жакындоодо. Мөңгү 15 жылдан ашык тура албайт” деп маалымдады.

Мармоладанын абалына байкоо жүргүзгөн дагы бир окумуштуу доцент, доктор Мауро Варотто дагы мөңгү көлөмүнүн азайганын айтты. Варотто, мөңгү жандуу бир система эмес экендигин, калыңдыгы 1-2 метрден аз болгон учурда эрүү тездеп баштаарын кошумчалады.

Италиялык окумуштуулар кылым аягында Альп тоолорундагы бардык мөңгүнүн жок болуп кетиши мүмкүн экенин белгилешти. Айрыкча, коронавирус илдетинен улам дүйнөнүн төрт бурчуна киргизилген карантин чараларына байланыштуу көмүр кычкыл газынын аз бөлүнүп чыкканын, бирок бул Альп тоолорундагы абалды өзгөртүүгө мүмкүн эмес экендигин билдиришти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости