www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Окумуштуулар коронавируска каршы сагыз ойлоп тапты

Окумуштуулар коронавируска каршы сагызды ойлоп тапты. Бул тууралуу Reuters басылмасы жазып чыкты.  

«Британиялык илимпоздор коронавируска каршы жасалган сагыздын сыноо версиясын өткөрдү. Изилдөөнүн жыйынтыгына ылайык, сагыз коронавирустун бөлүкчөлөрүнүн, анын ичинде ооз шилекейиндеги «Omicron» штаммынын санын азайткан», деп айтылат макалада.

Окумуштуулар вирустун «Delta» жана «Omicron» штаммдары менен ооруган бейтаптын шилекейин дагы колдонушкан. Натыйжада сагыз чайнагандан кийин вирустардын активдүүлүгү 95% төмөндөгөн.

«Коронавирусту жуктурган бейтап сыноо учурунда күнүнө төрт даана чайнайт», - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, дүйнөдөгү бир нече өлкөдө коронавирустун жаңы толкуну кайрадан башталды. Бул «Omicron» штаммынын кезектеги мутациясы деп кооптонууда.

Учурда коронавирус жуктургандар Кыргызстанда да көбөйүп жатканы айтылып, ооруканага түшкөндөр катталууда. Буга байланыштуу Республикалык штаб коронавирус жуктургандар боюнча күнүмдүк статистика кайрадан бере баштады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости