www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын Хатлон облусундагы Шамсиддин Шохин районунда окуучу кыздарга сексуалдык ыдык көрсөткөн деген шек менен орто мектептин директору кармалды. Бул тууралуу "Озоди" радиосу укук коргоо органдарындагы өз булактарына таянып кабарлады.

Маалыматка караганда, райондогу мектептердин биринде окуган жогорку класстын эки окуучусу директор аларга ыдык көрсөткөнүнө даттанган.

Азырынча мектеп директоруна каршы кылмыш иши козголо элек, бирок ал учурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) райондук бөлүмүндө камакта отурат.

Директордун жакындары бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартышты. Бирок алар анын күнөөсү жок экенине ишенишерин жана жакынкы убактарда бошотулат деп үмүттөнүп жатышканын кошумчалашты.

2021-жылы Тажикстандагы мектептердин биринде иштеген мугалим окуучу кызды зордуктаганы үчүн 17 жылга эркинен ажыратылган.

2019-жылы Хатлон облусунун Яван районундагы Нурек шаардык лицейинин мугалими 17,5 жылга соттолгон. Ал 12 жаштагы кызга сексуалдык зомбулук көрсөтүүгө күнөөлүү деп табылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости