www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Урматтуу ата-энелер жана мугалимдер!
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги окуучулардын жазгы эс алуусу кыскарып калганы тууралуу келип түшкөн кайрылууларды жана өтүнүчтөрдү карап чыгып, тиешелүү чечим кабыл алды.
Ага ылайык, окуучулардын жазгы каникулу 2026-жылдын 2-мартынан 7-мартына чейин узартылды. Мындайча айтканда, эс алуу мөөнөтүнө кошумча 4 күн берилди.
Окуу планынын толук аткарылышын камсыз кылуу максатында, кошумча берилген 4 окуу күнү май айында окутулат. Натыйжада, 2025–2026-окуу жылы салттуу түрдө 25-майда эмес, 29-майда аяктайт.
Акыркы коңгуроо аземи 2026-жылдын 29-майында өткөрүлөт.