www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңеште кийинки аптада жалпы жыйындар жана комитеттердин, фракциялардын отурумдары болбойт. Бүгүн, 11-мартта депутаттар 15-19-мартта жер-жерлерде шайлоочулар менен иштөө тууралуу чечим кабыл алышты.
Ошентип, парламенттин жалпы жыйындары Нооруз майрамынан кийин уланат.
Бүгүнкү отурумда Жогорку Кеңеш Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдум өткөрүү тууралуу мыйзам долбоорун толук колдоду. Айрым депутаттар бул мыйзам долбоору азыркы Баш мыйзамды жана эрежелерди одоно бузуу менен кабыл алынып жатканын айтып чыгышкан. Парламент төрагасы андай сын негизсиз экенин белгилеп, «бул жерде эч кандай мыйзам бузуу жок» деп айткан.
Булак: NazarNews.kg