www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Окуучулар мектепке кызуу даярданып жаткан убакта, депутаттар Абдывахап Нурбаев менен Жанарбек Акаев “Мугалимдин макамы тууралуу” мыйзамга өзгөртүүлөрдү сунушташты. Документ Жогорку Кеңештин сайтына коомдук талкууга чыгарылды. Мыйзам долбооруна ылайык, республикалык же эл аралык олимпиадаларда жеңишке жеткен окуучуну даярдаган мугалимдерге үч айлык маянасы өлчөмүндө сыйакы берилет.
Мындан тышкары жалпы билим берүү мектептеринде 10 жылдан кем эмес иштеген мугалимге 1 миллион сом (10 миң эсептик көрсөткүч же 12 миң доллар) өлчөмүндө бир жолку сыйакы төлөп берүү сунушталууда. Документте сыйакыларды берүүнүн тартиби министрлер кабинетинин чечими менен аныктала турган белгиленген.
Демилгечилер сунушталып жаткан мыйзам долбоорунун кабыл алынышы мектептердин ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга, мугалимдерге турак-жай маселесин чечип алууга жардам берет деп эсептешүүдө.
Быйылкы күз миллиондон ашкан жаш муундарга тарбия берип жаткан мектеп директорлору үчүн кубанычтуу. Бул жаңы окуу жылында ар бир ата-эне окуучуга шаарларда 1000 сом, айыл жеринде 800 сомдон төлөп турууга милдеттүү деп министр айткан. Бирок, министрдин мындай милдеттүүлүкө каршы чыккан. Анткени, андан тышкары ата-эне китептин арендасына жана башка күнүмдүк керектөөлөргө убап-чубап төлөй берет. Президент шайлангандан бери дарыгерлердин айлык акысы эки ирет көтөрүлүп, ал эми агай-эжейлер айлыгын көтөрө албай жүрөт. Мектеп мугалимдеринин эмгек акысын жогорулатуу тууралуу маселе козголо да элек болчу. Депутаттар мугалимдерге сый акы берип туруу үчүн демилге көтөрө башташты.
Быйыл билим берүү мекемелеринде жаңы окуу жылы 15-сентябрда башталат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкен. Маалыматка ылайык, тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.
"Окуу жылынын башталышын 15 күнгө жылдыруу чечими билим берүүнүн сапатын камсыздоо үчүн өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга ылайык офлайн режиминде билим алууга акырындык менен өтүү максатында кабыл алынды.
Билим берүүнүн бардык баскычтарындагы билим берүү мекемелеринде окуу жылынын башталышын кийинкиге жылдыруу жайкы туристтик сезондун узартылышына да салым кошот, бул туризм секторун калыбына келтирүүгө жана андан ары өнүктүрүүгө оң таасирин тийгизет", - деп айтылат маалыматта.
Ал эми токтомдун кабыл алынышы билим берүү системасынын кызматкерлеринин эмгек акысына, ошондой эле окуу процессине таасирин тийгизбей турганы айтылды.
Мектеп акыркы ирет Кыргызстан эгемендүүлүктү алган соң реформаланган. Бирок, жакшы жагына эмес жаман жагына. Анткени, социалисттик идеология келечек балдардын өсүшүнө кам көрүп, мектепти өз колтугунда эркелетип, камкордукка алган. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда КПСС БКнын Генеральный секретары Иосиф Виссаринович Сталин мугалимдерди тамак-аш, ун жана ишине керектүү кагаз,сыя, калем сап менен камсыз кылып турса, бул адат уланып, согуш бүткөн соң мамлекет башчылары мугалимдерди отунун түшүрүп берип, электрэнергиясын бекер кылышкан. Азыркы электрэнергиясынын наркы тапкан ташыгандын көп бөлүгүн ээлеп турганда, мындай камкордук мугалимдерди “Ардактуу кесип” деген наамга жеткизди.
Кыргызстанда билим берүү тармагы он тогузунчу кылымдын аягында жандана баштайт. Бирок туташ сабаттуулукту жоюу жок болгон, бир аймактагы бирин – экин медреселерде математика, географиядан башка диний багыттагы сабактар араб тилинде окутулган. Ошондуктан, окуучулар үчүн татаал араб грамматикасын окуп үйрөнүү кыйындыкты туудурган. Совет мамлекети орногон соң сабатсыздыкты жойууга же “ликбезге” өзгөчө көңүл бурула баштайт.Кыргыздар 1929 –жылы араб алфавитинен латын алфавитине өтүшөт. Бул да абдан кыйындыкты туудурган араб алфавитинде сабатсыздыгын жойгондор, кайрадан латын арибинен сабатсыздыгын жоюш керек болгон. Латын алфавитине көнүп бараткан соң 1941-жылы январында Улуу Ата-Мекендик согуштун алдында, кыргыздар орус алфавитине өтүшүп, ошондон бери орус алфавитин же кириллицаны колдонобуз.
Биз менен бир мезгилде орус арибине өтүшкөн Өзбекстан латын алфавитин кайрадан өтүштү, Казакстан латын алфавитине өтүүгө даярданып жатышат.
Кыргызстан эгемендүүлүктү алган соң каат мезгил түзүлдү. Мектепке бөлүнө турган кошумча сабактар кыскарды, окуучулардын келечеги үчүн, билиминин тереңдеши үчүн өткөрүлө турган кружоктор, факультативдик сабактар, кээ бир шарты болуп окубай калгандарга билим бере турган кечки (вечерний) билим берүүгө бериле турган акча каражаттары кан буугандай токтоп, мугалимдер “ийне жоголду”деп гана отуруп калышты.
1992-жылы болгон гиперинфляция байыгандарды ого бетер байытты, жалгыз айлыгынын көзүн күн көрүп келатышкан мугалимдерди жакырлыктын сазына тыкты. Гиперинфляцияга байланыштуу мугалимдердин айлыгы мезгил-мезгил менен көтөрүлүп турган. Айдан айга айлык алгыча кымбаттоо өсүп, анын үстундө айлык кармалып өз убагында берилбей мугалимдер ошол гиперинфляциядан аябай жапа чегишкен.
Мамлекеттик бюджеттен мугалимдердин айлыгы гана берилип, калган мектепке бөлүнө турган акча каражатынан ремонтко гана акча каралып, ал толугу менен берилбегендиктен, мектеп окуучулардын ата-энесинен материалдык жардам алуу үчүн фонддорду уюштурууга аргасыз болгон.
Тарыхка кылчайа карап көрөлү. Эң биринчи билим жаатын тейлеген эл комиссары Касым Тыныстанов кыргыз тил илимин өнүктүрүү зор эмгек кылган. Касым кыргыз жазма адабиятын жана илимий тил таанууну баштоочулардын бири. Кыргыздын улуттук жазуусун иштеп чыгууга, асыресе араб алфавитин кыргыз тилине ылайыкташтыруу, араб алфавитин латынча, латынчаны орус алфавитине алмаштыруу иштерине катышкан. Азыркы кыргыз орфографиясынын негизги принциптерин иштеп чыгып, кыргыз тилинде туңгуч окуу китептерин, кыргыз тилинин туңгуч грамматикасын жана тил илими боюнча кыргызча терминологияны түзгөн. 1936-жылы профессорлук наамын алган эң биринчи кыргыз 1938-жылдын 5-ноябрында СССР Жогорку Аскер сотунун жабык кѳчмѳ сессиясында К.Тыныстановго 1921-жылдан тартып улутчул «Алаш-Ордо » уюмуна , андан кийин буржуазиячыл-улутчул , диверсиялык зыянкеч , «Социалдык –Туран» партиясынын жетекчилик тобуна кирген деген кγнѳѳ менен коюлуп, атууга ѳкγм кылынган. θкγм тез аткарылып 7-ноябрда атылган.
Токчоро Жолдошевдин кыргыз көркөм адабиятынын кандай болушу керектигин кашкайта көрсөткөн чыйрак макалалары азыр да кызыгуу жаратат. Туңгуч кыргыз сынчысы, бир боор калкынын сабатынын ачылышына үлкөн салым кошкон мугалим, эл агартуу иштерин уюштурган министр. 32 жашында репрессияга кабылган.
Осмонкул Алиевдин тагдыры да башка курбалдаштарындай кандуу жазалоого туш келип, 35 жашында коммунисттик бийлик тарабынан атып жок кылынган. Большевиктер репрессиясынын натыйжасында партияга революцияга чейин, анын алгачкы жылдарында мүчө болуп киргендердин 80% жок кылынган. Кандуу жазалоонун капканына 1920-жылдан 1953-жылга чейин 40 миллион ашуун адам кабылып, анын 7 миллиону 1935-жылдан 1941-жылга чейин атып өлтүрүлгөн. Калкынын саны миллионго жетпеген Кыргызстандын өзүнөн эле 40 миң адамдын (эң биринчи кезекте - жигердүү айдыңдардын) жок кылынышы массалык кырып-жоюунун масштабдуу жүрүшүнөн кабар берет.
Академик Болот Юнусалиев кыргыз илиминдеги беш манжа менен саналчу залкарлардын бири. Илимий эмгектерин кыргыз-орус тилинде эркин жаза алган, принципиалдуу маселеге келгенде эч качан позициясынан тайбаган, өзү туу туткан акыйкатты коммунисттик бийлик алдында да тартынбай коргоп, куугун-кысымга карабай, калыстыкты бекем кармап жашаган улуу инсан. Анын артында калган илимий эмгектеринин барк-баасы арадан жарым кылым ашуун убакыт өткөнүнө карабай эч кемибей, түркологиянын классикалык үлгүсү катары жаңы муундагы окумуштууларды кызыктырып келатат.
Тарых илимдеринин доктору, профессор Каниметов Абдылда Москва мамлекеттик университетин (МГУ) бүтүргөн, 1962–1977-жылдары Кыргыз ССРнин элге билим берүү министри. Каниметов Абдылданын илимий эмгектери Кыргызстандын маданий курулушуна, элге билим берүү жана Интергельпонун тарыхына арналган. Ал 200дөй илимий макала, анын ичинен 40ка жакын монография, окуу китептеринин автору.
Булардын арасында Айтул Бабашалин, Камбаров, Абдынасыр Елебасов, Муса Рыскулбеков, Султан Токтогонов, Таштанбек Тургунов, Аскар Турсунов, Жаныбек Шаршеналиев сыяктуу советтик министрлер бар.
Кыргызстан эгемендүүлүктү алган соң 17 министр алмашкан: Мукаш Базаркулов 1989-1991; Анарбек Бакаев 06.1991-11.1991; Чынара Жакыпова 1992-1993; Аскар Какеев 1993-1998; Советбек Токтомышев 1998-1999; Турсунбек Бекболотов 1999-2001; Камила Шаршекеева 2001-2002; Ишенгүл Болжурова 2002-2004; Мустафа Кидибаев 2004-2005; Досбол Нур уулу 2005-2007; Каныбек Осмоналиев 2007-жылдын башы -01.11.2007; Ишенгүл Болжурова 2007-2009; Абдылда Мусаев 2009-2010; Канат Садыков 2010-2014; Эльвира Сариева 2014-2016; Гүлмира Кудайбердиева 2016-2019; Каныбек Исаков 2019-2020; Алмазбек Бейшеналиев 2020-жылдан баштап 2021-жылга чейин. Андан кийин Купешов ээледи.
Азыркы жаштар Касым Тыныстанов, Токчоро Жолдошев, Осмонкул Алиев, Болот Юнусалиев, Каниметов Абдылда сыяктуу кашкөй министрлерди окумуштуу, илимпоз, адабиятчы катары жакшы билишет. Кыргызстан эгемендүүлүктү алган соң министр болгон он жети адамдын рейтинги боюнча баа бергенде социалдык тармактарда биринчи орунду Каныбек Осмоналиев, андан соң Алмазбек Бейшеналиев, Ишенгүл Болжурова, маркум Каныбек Исаков, Досбол Нур уулу, Гүлмира Кудайбердиева, Канат Садыков, Абдылда Мусаев, Мустафа Кидибаев, Эльвира Сариева, Камила Шаршекеева, Чынара Жакыпова, Советбек Токтомышев, Аскар Какеев, Советбек Токтомышев, Анарбек Бакаев, Турсунбек Бекболотов, Мукаш Базаркуловдор ээлешти.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg