www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыркы бийликтин жүргүзүп жаткан саясатын мен негизинен колдойм. Мындай пикирди бүгүн, 8-сентябрда NazarNews маалымат агенттигине Легендарлуу парламенттин депутаты Медеткан Шеримкулов билдирди.

- Бүгүнкү күндө абак толуп калды. Сиздин оюңузча алардын баары коррупционерлерби же саясий туткундар дагы отурабы? Азыркы бийликтин жүргүзүп жаткан иш-чараларына сиздин көз карашыңыз кандай?

- Коррупцияга каршы күрөш боюнча азыркы бийликтин жүргүзүп жаткан саясатын мен негизинен колдойм. Бирок муну массалык "мероприятияга" айлантып кереги жок. Бирөөнү СИЗОго отургузуудан мурда а дегенде тергөө органдары ал жөнүндө материалды чогултушу зарыл. Биринчи отургузуп анан материал жыйнаган бул туура эмес.

Мен бул нерсеге дагы кийлигишким келбейт. Бирок менин каалоом, тергөөнү жүргүзүп жаткан орган ойлонуп туруп иш кылышы керек. Эгерде ал адамды бир нече ай, жыл камап алып анан жок бул киши таза экен деп чыгарып койсо, анын отурган мезгилдеги ден-соолугу кайсы? Эл арасындагы кеткен кадыр баркы кайсы? Бул нерсени дагы эске алыш керек. Бүгүнкү бийлик мыйзамдардан тыш кадамдарга бара турган болсо, анда түбөлүк бийлик болбойт. Эртең булардын аркасынан деле ошондой суроо болуп калышы мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости