www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 8-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында КТРКнын Байкоочу кеңешинин отчёту каралып жатат. Анда депутат Осмон Турдумамбетов КТРКнын иштөөсү жана ага басым болуп жатабы деген суроону узаткан.

Байкоочу кеңештин төрагасы Кубат Болотканов төмөндөгүдөй жооп берди.

«КТРКнын тарыхында биринчи жолу башкы директорун Ак үй, көк үйдүн тиешеси жок, Байкоочу кеңеш өзүнүн чечими менен шайлады. Мурун Байкоочу кеңеш турса деле, Ак үй өз кишисин алып келип коюп жүргөн. Бирок, 2020-жылы андай болгон жок. Азыр КТРКнын иштөөсүнө эч кандай кошумча шарттардын кереги жок».

Осмон Турдумамбетов: Ушунча каражат коротуп, мамлекеттик каналды кармоонун кажети барбы?

«Бүтүндөй бир мамлекет болгондон кийин, ага кошо тиешелүү органдардын баары иштеп тургандан кийин ошого жараша аларга маалыматты расмий жеткирип турган канал керек. Кыргызстандын эли КТРКнын Ала-Тоосунан жаңылык уккандан кийин ишенет маалыматка. Ошондуктан расмий каналдын мамлекетке кереги бар», - деп жооп берди Болотканов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости