www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн өтүп бара жаткан баланы сүзүп кеткен учур ондогон адамдардын көз алдында болуп өттү.
Маалыматтарда айтылгандай, кырсык 4-октябрда, Новороссийск шаарында болгон. Range Rover унаасын башкарып бара жаткан жергиликтүү думанын депутаты Виталий Бут балага жардам бергендин ордуна из жашырып кеткен.
Депутат Бут ал учурда мас абалда болгон. Бул анын качып бара жаткандагы унаасын эринбестен ээрчип барып, короого кирип бара жаткан учурда тартып алган күбөлөрдүн видеосунан байкалат. Ал эми Виталий Бут өз күнөөсүн жакшы эле айдоочусуна шылтаганга аракет кылган.
Ошентип активдүү күбөлөрдүн көрсөтмөсү менен депутат Виталий Бут полициянын колуна түшкөн. Жыйынтыгында, ага “мас абалында транспортту башкаруу” жана “жабырлануучуну кырсык болгон жерде калтырып кеткен” деген эки берене менен иш козголгону айтылууда.
Эске сала кетсек, айыпталып жаткан 46 жаштагы депутат Виталий Бут - «Динамо», «Локомотив», «Арсенал» клубдарында ойногон мурдагы футболчу. Новороссийск «Черноморец» клубунун башкы директору жана жергиликтүү думанын депутаты.
Булак: NazarNews.kg