www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Луизиана штатында мектептин мурдагы мугалими окуучусунан төрөп, темир тор артына камалды. Бул тууралуу WBRZ 2 басылмасы билдирет.

Полициянын айтымында, 33 жаштагы Морган Фреш окуучу менен эки жылдай байланышта болгон. Аял аны менен бир нече жолу интимдик мамиледе болуп, боюна бүтүп, андан бала төрөгөн. Окуя тууралуу 17 жаштагы баланын үй-бүлөсү сентябрдын аягында кабардар болуп, Фреш көп өтпөй камакка алынган.

Аял үчүнчү даражадагы зордуктоо, сексуалдык зордуктоо жана жашы жете элек бала менен кылмыштуу сексуалдык аракеттерди жасаган деген айыптар менен түрмөгө камалган. Полиция жабырлануучу чын эле ымыркайдын атасы экенин аныктоо үчүн ДНК тестин колдонот.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости