www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Old Bishkek өтмөгү шаар тургундары жана коноктору үчүн мурдагыдай эле ачык бойдон калат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлашты.
Чектөөлөр соода жайларынын ишмердүүлүгүнө гана тиешелүү.
Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин маалыматы боюнча, жер алдындагы жөө адамдар өтүүчү өтмөк техникалык режимде ачылган, бирок ушул күнгө чейин объектти пайдаланууга берүү расмий түрдө ишке ашырылган эмес. Буга карабастан, комплекстин аймагындагы коммерциялык объекттер өз алдынча иш жүргүзүп келишет.
Свердлов райондук администрациясы тарабынан 2026-жылдын 1-июлунда ижарачыларга эки жумалык мөөнөттө аныкталган мыйзам бузууларды четтетүү талабы менен 122ге жакын билдирүү берилген.
Бүгүн, 15-июлда мэр Айбек Жунушалиев «Олд Бишкек» соода комплексинин аймагында көчмө жыйын өткөрүп, соода комплексин мөөр басып жабууну тапшырды.