www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу бокс боюнча Олимпиадага жолдомо ойнотулган дүйнөлүк лицензиялык мелдештин чейрек финалына чыкты.

Сейитбек уулу 57 кг салмакта күч сынашууда.

1/8 финалда ал уругвайлык Лукас Гарсияны жеңди. Эми чейрек финалда азербайжандык Шамил Аскеров менен кез келет. Беттеш 31-майда өтөт.

Белгилей кетсек, аталган мелдеште 57 кг салмакта үч спортчу гана Олимпиада оюндарына лицензия ала алат. Эки жолдомо финалга чыккан мушкерлерге берилет жана жарым финалда жеңилген эки спортчу үчүнчү лицензия үчүн беттеш өткөрөт.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости