www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эркин күрөш боюнча балбан Бекзат Алмаз уулу Бишкектеги Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулуп жаткан Азиялык мелдештин жарым финалына чыкты.

Алмаз уулу 57 кг салмакта күч сынашууда. Ал 1/8 финалдагы биринчи беттешинде палестиналык Али Абурумаиланы 9:2 эсебинде жеңди. Анда кийин кытайлык Ванхао Жуну 3:2 эсебинде утуп, жарым финалга чыкты.

Эми ал жарым финалда монголиялык Мункх Эрдене Батхуяг менен күч сынашат. Беттештер саат 18:00до башталат.

Белгилей кетсек, жарым финалда жеңүүчү болгон балбан Олимпиада оюндарына жолдомо алат.

Булак:NazarNews.kg 

Последние новости