www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн импорттун көлөмүн өзгөртүп, өзүбүздү өзүбүз өндүргөн товарлар менен камсыздашыбыз керек. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Кадамжайда эл менен жолукканда айткан.
«Министрлер кабинети өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн колдон келген күч-аракетти жумшоодо. Бүгүнкү күндө көптөгөн товарлар импорттолууда, бирок аны өзгөртүүнү пландаштырып жатабыз. Биз өзүбүздү өзүбүз өндүргөн товарлар менен камсыздоо керек», — деген ал.
Марипов базарга келген тургундар менен сүйлөшүп, күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктүн баасын сураштырган. Андан соң дыйкандар менен пикир алышкан.
Ошондой эле, Кызыл-Кыя шаарындагы Гулматов атындагы № 9 орто мектепте жүрүп жаткан ондоо иштери менен таанышты. 2018-жылы аталган объектиде иштер башталып, акчанын өз мөөнөтүндө бөлүнбөй, анын кесепетинен иш бүтпөй калган.
Маалымат кызматы Марипов социалдык объектилердин курулушунун ыкчам жана сапаттуу бүткөрүлүшүнө басым жасагандыгын билдирди.
Маалымат үчүн айтсак, Кызыл-Кыя шаарындагы Гулматов атындагы №9 орто мектепти оңдоонун жалпы сметалык наркы 31,7 млн. сомду түзөт. Бүгүнкү күндө 13 миллион сом сарпталган. Оңдоо иштери үч кабаттуу типтүү имараттын бир кабатында гана аяктаган.
Булак: NazarNews.kg