www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Пентагон даректүү тасмалардын режиссёру Жереми Корбелл жарыялаган НЛО боюнча видеонун анык экенин расмий тастыктады. Бул тууралуу «Известия» маалымат булагы жазды.
Режиссёрдун Instagram баракчасына 2019-жылы чыккан видеодогу кадрда белгисиз учуучу объект Калифорниянын Сан-Диего шаарынын жанындагы суунун үстүндө тез кыймыл менен жылып баратканын көрүүгө болот. Бир аздан кийин НЛО USS Omaha кемесинен алыc эмес жерден жоголуп кеткен. Режиссёр өзү объект сууга кирери менен көрүнбөй калганын белгилеген.
Видео жарыялангандан кийин НЛОну издөө үчүн суу алдында сүзүүчү кеме жөнөтүлүп, бирок объект табылган эмес.
АКШнын Коргоо министрлиги видеодогу кадр чын экенин тастыктаган. Мекеме бул материал Пентагондун белгисиз кубулуштары боюнча ыкчам тобу тарабынан караларын билдирди. Ал топ 2020-жылы жаратылыш жана кубулуштардын келип чыгышы жөнүндө маалымат алуу максатында түзүлгөн.
Булак: NazarNews.kg