www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда калкты жана турак жай фондун каттоо 2022-жылы жазында жүргүзүлөт. Бул тууралуу өкмөттүн токтомунда жазылган.
Эл каттоо кийинки жылдын 25-мартынан 3-апрелине чейин болот. Ал эми алыскы аймактарда 23-апрелден 2-майга чейин өткөрүлөт.
Белгилей кетсек, өлкөдө калкты жана турак жай фондун каттоо 2020-жылы эле белгиленип, бирок COVID-19 тарап жаткандыктан бир нече жолу жылган.
Эл каттоо — Бириккен Улуттар Уюмунун сунушу менен ар 10 жылда дүйнө жүзү боюнча өлкөлөрдүн статистика кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ири изилдөө. Аны Кыргызстанда биринчи жолу мурдагыдай кагаз түрүндө эмес, электрондук форматта өткөрүү пландалган.
Каттоодо кандай маалыматтар чогултулат?
Биринчи форма — жашоочулардын тизмеси, үйдө канча адам жашаса, ошонун бардыгы кирет;
Экинчи форма — тизмеге кирген ар бир адамдын туулган жылы, жарандыгы, тили, билими, социалдык абалы жазылат. Баса, дал ушул формада майыптыгы бар жарандардын абалы тууралуу дагы маалымат алынат;
Үчүнчү форма — турак жайдын ыңгайлуулугу боюнча маалымат. Аянты, бөлмөлөрдүн саны, эмеректери, шарты жана башкалар;
Төртүнчү форма — мигранттар тууралуу маалымат. Буга чет өлкөгө иштөө үчүн бир жылдан ашык убакытка кеткендер кирет;
Бешинчи форма — жамааттык мекемелерде убактылуу болуп жаткандардын саны. Мисалы, оорукана же мейманканаларды кыдырып, оорулуулар же кардарлар тууралуу маалымат алынат.
Булак: NazarNews.kg