www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек милициясынын Криминалдык милиция кызматы тарабынан ала качууга тиешеси бар адамдардын бири кармалды.
Бул тууралуу милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, кармалган адам Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда бул кылмышка шектелген дагы эки адамды издөө иштери жүрүп жатат.
«1994-жылы туулган К.А.ны аттуу кызды ала качууга шектелгендердин бир 1992-жылы туулган Р.А. кармалды. Калган эки шектүү тууралуу толук маалымат аныкталып, аларды кармоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат», — деп айтылат маалыматта.
7-апрелде 27 жаштагы кыздын сөөгү табылган. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлагандай, ала качууга шектелип жаткан жаран кызды муунтуп өлтүрүп, өзүнө бычак сайып каза болгон.
Окуя болгон жерде унаанын ичинен 1994-жылы туулган К.А. аттуу кыздын жана 1985-жылы туулган Т.З. аттуу эркектин сөөгү табылган.
Аларга кароо жүргүзгөн учурда кыз зомбулуктан, ал эми эркек бычактан алган жаракаттан каза болгону аныкталган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, кыз менен баланын ортосунда чыр чыккан. Учурда тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 175-беренеси («Адамды никеге туруу максатында уурдоо») менен катталып, иликтөө жүрүүдө.
Булак: NazarNews.kg