www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз сайттарынынын ичинен кумурскадай жүк тартып бара жаткан “РухЭш” деген маалымат булагы бар. Чыгармачыл адамдардын жараткан, жап-жаңы чыгармаларынан бери чып-чыргасын коротпой сайтка жайгаштырып турат. Муну менен бир чети жыгылып бара жаткан кыргыз адабиятын түздөп жатса, экинчи жагынан китеп окубай калган кыргыз окурмандарын кубантып жаткан учур.
Ошентсе дагы, “кой аксагы менен миң” болот экен. Ал сайтта жаш калемгер делгендердин биринин абийири айрандай төгүлдү окшойт. Тагыраагы, “РухЭште” Калвира Аксалованын «Чок кармаган жигиттер жана чолпон көздүүлөр» аттуу эссеси жарыяланган. Көрсө бул айым чыгармасын Арслан Капай уулунун «Айта бар менин кебимди…» аттуу романынан эле көчүрүп алыптыр. Муну Залкарбек Назарматов ошол эле сайтка макала кылып жазып чыкты.
Мындан улам аталган сайттын кожоюну Олжобай Шакир менен байланышып, маселенин чоо жайына кызыгып көрдүк.
- Олжобай байке, "РухЭш" сайтына жарыяланган чыгармалар редакциядан өтөбү?
- Конкурстук чыгармалар калыстар курамынын кароосунан өтөт, андан сырткаркы чыгармаларды өзүм карайм. Анткени почтого келген материалдарды карагыдай редакциялык кеңешим жок, аларга айлык төлөй турган акыбалда эмесмин. Биздин сайт коммерция багытында иш кылбагандыктан, бул апендинин иши десе дагы болот.
- Кечиресиз, менин суроомдун багыты кайда алып баратканын байкаган чыгаарсыз?
- Уурулукту кеп кылгың барбы?
- Ооба, мына ошондой плагиат бир чыгармага “РухЭште” орун берилип кетиптир го...
- Салттуу адабияттын көчү уланса деген аракетте мен «РухЭш» сайтын өз ыктыярым менен түзгөнмүн. Ал эми чыгармачылык уурулукка жол берилип кеткендигинин себебин мен жана сөзүмдүн башында айттым.
- Мисалы Калвиранын чыгармачыл ууру экенин коомчулукка жар салуу туура болдубу?
- Албетте, туура, анткени уурунун айыбын ачкан макалада далилдер ачык эле көрүнүп турбайбы, анан аны жашырып-жаап, жаш калемгердин чыгармачыл келечегине зыян болот деген "ыймандуулук" кайсы акылга сыят?.. Андан көрө бул көрүнүш башкаларга сабак болсо экен.
- Балким ага туура жол көргөзчү, чыныгы чыгармачыл болууга шыктай турган жол бардыр?
- Байкап атасыңарбы, Калвиранын плагиаттыгы жөнүндө сөз болору менен анын артынан дагы канчалаган уурулуктар булайып чыга баштады. Анын арты менен башка авторлор да далилдерин, мисалдарын коомчулукка чыгара баштады. Демек, шишиген жаранын көзүн тазалаш керек. Бул нерсе кыргыз коомчулугунда көнүмүшкө айланды! адабият, кино, театр, шоу-бизнес жаатында каптап кеткен оору болду.
- Туура айтасыз, мына ушундай уурулук менен кантип күрөшсө болот? Дегеним, кантип маселеге чекит коюлат?
- Муну "Кыргызпатент" эбак жолго коё алмак, эгер биз укуктуу мамлекет түптөп аткан болсок. Аларда мындай көрүнүшкө реакция болбогон үчүн чыгармачылыктагы ууручулук кадыресе норма болуп калгандай. Болбосо өзүм билемдикке укуктук баа берилген болсо, баары коркмок. Андыктан мамлекеттик мекеме саналган кыргызпатент аракет кылбаган соң, мындай көрүнүштү коомчулукка ачык чыгарып, куру дегенде плагиат кылгандардын жосунун ашкерелеп, уяткарып турганга жарасак да, куру дегенде уяты барларга сабак болор. Башка арга кайсы...
Айтмакчы, Олжобай Шакир байке менен баарлашуудан мурда, Калвира Акчалованын да оюн угуу үчүн ага дагы байланышканбыз. Бирок, азырынча андан жооп боло элек.
Ал эми Акчалованын айыбын ашкерелеген Залкарбек Назарматов, “Тиги кызга катуу сокку болот го”, -деп биздин сурообузга жооп берүүнүн ордуна, бизден Калвира боюнча макала даярдабай эле коюуну суранды. Балким аныкы деле туурадыр. Анткен менен тоңгон муз ордунан козголуп кетти да...
Булак: NazarNews.kg