www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Омикрон BA.5 штаммынан адам өлүмүнүн учурлары эмделбегендер арасында жети эсе жогору. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Белгиленгендей, мындай маалыматтар Италиянын Ден-соолук жогорку институтунун акыркы баяндамасында камтылат. Бүтүмдөр 12 жаштан жогору курактагы инфекцияга чалдыккан 100 миң адамды изилдөөгө негизделген. Анализ 13-майдан 12-июнга чейин созулган.

Медиктер билдиргендей, 80 жаштан жогору адамдар үчүн эмделбегендер арасында адам өлүмү 8,5 эсе көбөйүүдө, ооруканага жаткырууга муктаждар арасында эмделгендерге караганда эмделбегендер 3,5 эсе көп, Омикрон BA.5 штаммына карата алганда вакцина үч дозаны алгандарды илдетти жуктуруудан 52%, оорунун оор өтүшүнөн – 86% коргойт, инфекцияны кайра жуктуруу тобокелдиги 11% деңгээлинде бааланат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости