www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Британиянын премьер-министри Борис Джонсон коронавирустун "омикрон" штаммына чалдыккан бир бейтап каза болгонун билдирди. Бул тууралуу PA агенттигине таянып РИА Новости жазды.
Белгилей кетсек, буга чейин "омикрон" штаммына чалдыккандардын өлүмү катталган эмес.
Ал арада Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму "омикрон" штаммы "дельтага" караганда тез тарай турганын билдирди.
Мындай корутунду Түштүк Африка, Улуу Британия жана башка өлкөлөрдө жаңы штаммга байкоо салып, анын негизинде алдын ала алынган маалыматтарга таянып жасалды.
ДССУ ошондой эле "омикрон" штаммынын "инфекциясына жана жайылышына каршы вакциналардын эффективдүүлүгү азайганын" жарыялады. Окумуштуулар коронавирустун коомчулук ичинде жайыла турган жердеги шартта "омикрон" "дельта" түрүнөн ашып кетет деп ишенишет. 9-декабрдагы көрсөткүчкө ылайык, 63 өлкөдө "омикрон" катталган учурлар аныкталган.
Түштүк Африкадан келген алдын ала маалыматтарга ылайык, бул өлкөдө оорунун "дельта" штаммына караганда анча оор эмес болушу мүмкүн экени байкалууда. Өлкөдөгү учурлардын көбү жеңил же симптомсуз болуп жатат.
Булак: NazarNews.kg