www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Биз Грузиянын тажрыйбасын алсак жакшы болот. Мындай пикирди саясатчы Өмүрбек Абдрахманов айтты.
--"Грузияда чоң реформалар жүргөндө эң эле таамай бир сөз айтылды эле. Алар: "Биз уятыбыздан башканын барын саттык" деген. Өзүңөр карап көргүлө. "Кыргызтелеком" канчалаган кредиттерди алып, пайдасы жок. Чоңдор жейт, өздөрү жейт. "Кыргызкөмүрдү" да эффективдүү иштете албайбыз. Бир жагына эксковаторду коюп кой, бир жагына капчыгыңдын оозун ачып кой. Ал жерде эч кыйынчылык жок. Эптеп-септеп күн көрүп жатат. "Кыргызалтынды" карагыла. Эгер биз өнүгөбүз десек ошолорду ачык аукционго коюп, шек санагандардын барын катыштырып, керек болсо онлайн кылып, бары ишенгидей кылып сатуу керек. Эгер кайра эле олигархтар, чиновниктер сатып алса анда эл нааразы болот. Биз Грузиянын тажрыйбасын алсак жакшы болот.
Мен Грузияга биринчи жолу барганымда көп кабаттуу үйлөрдү терезесинен кадимкидей эле мештин кернейлерин чыгарып койгонун көргөм. Көрүп алып аябай таң калгам. Бул жылуулугу, электр кубаты жетпегендиктен улам айла жоктон кылгандары. Кийин барсам, анын бири жок. Саакашвили "биз энерго секторду үч компанияга бердик. Анын ичинде Орусиянын компаниясы, Чехтердин жана Грузиянын өзүнүн компаниясы бар" деп айтты. Ошону менен бул тармактагы көйгөй чечилиптир.
Конкурс ачык өткөндүктөн согушуп жатканына карабай, Орусиянын компаниясына бериптир. Кийин согуш болуп, Орусия Тбилисиге 60 км жакындап басып киргенде дагы Орусиянын компаниясы Тбилисинин светин өчүргөн жок. Эгер өчүрө турган болсо кубалап чыкмак экен. Экинчиден, өчүрө турган болсо башка булакка которуп коймок. Анын бары каралган дейт грузиялыктар. Бизде болсо энергетикабыз бир жагынан өнүкпөй калды. Экинчи жагынан мамлекттин туура эмес саясатынан, коррупциядан улам сазга батты. Энергетика стратегиялык мааниге ээ. Аны менчиктештирүүдө этият болуу керек", - дейт саясатчы.
Булак: NazarNews.kg