www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин экс-депутаты, мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов 29-мартта бюджетти колдоо боюнча депозиттик эсепке 100 млн. сом которду. Маалыматты Экономика жана финансы министрлигинин басма сөз кызматынын адиси Жоомарт Шайдылдаев ырастады.
Анын сөзүнө караганда, 5-апрелге карата депозиттик эсептен 727 млн. 219 миң сом Садыр Жапаровдун демилгеси менен башталган 100 миң сомго чейин насыя алган адамдардын карызын жабууга жумшалды. 5-апрелдеги маалымат боюнча бул эсепте 1 млрд. 43 млн. 395 миң сом бар.
«Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2021-жылдын 19-январындагы №8 токтому бар. Анын негизинде эсепке түшкөн каражат качан, кайсы багытка, эмнеге коротуларын өкмөт чечет», - деди Шайдылдаев.
24-мартта Өмүрбек Бабановго козголгон иштер боюнча жүрүп жаткан териштирүүлөр токтотулганы белгилүү болгон. Ал мамлекеттик бюджетти колдоо иретинде өз ыктыяры менен казынага 100 млн. сом берүүнү убада кылган.
Бабановго каршы иштерди тергеген Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бабановдун жана анын туугандарынын мамлекетке да, ишканалар менен жарандарга да тийгизген зыяны тууралуу фактылар жок болгондуктан иш жабылганын билдирген.
Айрым саясат талдоочулар менен «Кыргызстан» банкына байланыштуу Өмүрбек Бабановго доо коюп келаткан укук коргоочу Калича Умуралиева муну саясий соодалашуу катара баалаган.
Булак: NazarNews.kg