www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өмүрбек Бакиров: «Шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгышы мүмкүн»

Жогорку Кеңештин депутаты Өмурбек Бакиров БШК мыйзамсыз шайлоо округдарынын чек араларын өзгөртүп жатканын жана анын себептерин айтып берди.

- БШК шайлоо округдарынын чектерин мыйзамсыз өзгөрткөн, аларга басым болгон деп жатасыз, ким басым кылышы мүмкүн?

- 28-августта президент Садыр Жапаровдун Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө буйругу чыккан. Ага ылайык, БШК 7 күндүн ичинде бир мандаттуу аймактардын чек араларын бекитиши керек эле. Акыркы мөөнөт 5-сентабрь болчу.

Бирок, БШК 15-сентябрда ошол токтомду өзгөртүп жиберген. Тактап айтканда, «токтомдо БШКнын сунушу менен кээ бир участкалардын чектерин өзгөртсө болот» деп жазылган. Токтомго мыйзамсыз өзгөртүү киргилген. БШК мүчөлөрүн кайсы бир чиновниктер тарабынан басым болбосо, 5-сентябрда чыккан токтомду эмнеге кайра 10 күндөн кийин өзгөртүп жатышат? Аларга кысым көрсөтүлүп, ошол аткаминерлердин кызыкчылыгындагы округдардын чектери өзгөртүлгөн.

- Бул эмнеге алып келиши мүмкүн?

- Талапкерлер же партиялар БШКны «мыйзамсыз чечим чыгарган» деп сотко кайрылса, кийин деле жалпы шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылышы мүмкүн. Токтомду өзгөртүү – өтө чоң мыйзам бузуу болуп эсептелинет.

Албетте, эгер сот адилеттүү караса. Токтомдо Ноокат, Араван жана Кара-Суу райондорунун шайлоо округдары өзгөрүп калган. Өзүңүздөр билгендей, бул үч райондо шайлоочулардын саны көп. Ошого карабастан Кара-Суу, Ноокат Өзгөн райондоруна экиден гана мандат берилет. Калган райондор мандатсыз калууда. Бул жерде чиновниктердин кийлигишүүсү бардай.

Кыргызстандын борбору болгон Ош шаарына бир гана мандат берилди. Ошондуктан опурталдуу маселе жаралууда. Анткен менен БШКнын ишине эч кимдин аралашууга укугу жок. Алар Жогорку Кеңешке келип, бул туурасында маалымат иретинде гана айтып бериши ыктымал.

Булак: Азия News гезити

Последние новости