www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусунун мурдагы башчысы Өмүрбек Суваналиев «Азаттыктагы» маегинде «кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал жөнүндө жергиликтүү бийликте маалымат болгон эмес» деп билдирди.

«Мындай чоң жаңжал чыгып кетет деген маалымат жок болчу. «Билгенбиз» – деп көпчүлүгү жалган айтып жатат. Алар окопторду казып жатканда сүрөткө тартып өзүбүз таратканбыз. Алар силерде дагы ушундай окоптор бар экен деп айтышты. 28-апрелде сүйлөшүп, окопторду жабалы деп келишкенбиз», - деди Суваналиев.

Суваналиев акырына чейин жаңжалды алдын алууга аракет кылып, чыңалууну сүйлөшүү менен чечүүгө аракет кылганын билдирди. Мурунку облус башчы кыргыз-тажик чек арасындагы окуяны жаңжал эмес, согуш деп сыпаттады. Ошондой эле «кыргыз-тажик элдеринин ортосунда антогонисттик маанай күчтүү. Буга 30 жылдык бийликтин кайдыгерлиги себепкер» деди.

Өкмөттүн Баткен облсундагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев 4-майда «башка кызматка өткөнүнө байланыштуу» деген жүйө менен кызматтан бошотулган. Баткен облусунун жетекчисин алмаштыруу тууралуу чечим Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда ондогон адамдын өмүрүн алган жаңжалдан кийин кабыл алынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости