www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Бул жолку президенттик шайлоодогу үгүт иштери байкалбай жатат. Талапкерлер облустарды кыдырып, үгүт иштерин көрүнүктүү жүргүзбөй жатышат», - дейт Коопсуздук кеңешинин катчысынын мурдагы орун басары Өмүрбек Суваналиев. Бул тууралуу ал «Биринчи радионун» эфиринде айтты.

Анын айтымында, алар баары сүйлөшүп алышып, кийинки парламенттик шайлоого күчтөрүн сактап жатышкандай.

Бул жолку президенттик шайлоодогу үгүт иштери байкалбай жатат. Талапкерлер облустарды кыдырып, үгүт иштерин көрүнүктүү жүргүзбөй жатышат. Шайлоонун шарапаты анча деле байкалган жок.

Анткени, үгүт иштери мурдагыдай катуу эмес. Гезиттер таратылган жок. Алар ьир гана социалдык тармак менен иштеп жатышат.

Азыркы президенттикке талапкерлердин көпчүлүгү тажрыйбалуу, мурдагы шайлоолордо талапкер болушкан, саясаттын ак-карасын ажыратып калган кишилер. Алар өздөрү деле шайлоонун жыйынтыгы кандай болорун билишет. Мына ошого байланыштуу алар каражаттарын көп чачышкан жок.

Ал эми жаш талапкерлер болсо, «атыбыз чыксын» деп эле парламенттик шайлоого даярданып жатышат. Талапкерлердин арасында шайлоодон утулуп калгандан кийин жоопкерчиликтен коркушуп, сыртка качып кетебиз дегендери да бар», – деди генерал.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости