www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева Чүй облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө Чүй райондук балдар чыгармачылык борборунун иши менен таанышты, анда 19 ийримде 700дөн ашуун бала тарбияланат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"Эльвира Сурабалдиеванын Токмок агроөнөржай колледжинин бош турган имараттарын кыдырып чыкты. Колледждин бир имаратын интернат мекемелеринин бүтүрүүчүлөрү үчүн жатакана катары кайрадан түзүп чыгуу, ал эми экинчисин балдар билим берүү борборуна берүү пландаштырылууда. Андан соң ал катаал турмуштук абалда калган балдар үчүн кризистик борборду ачуу пландаштырылып жаткан «Затейник» балдар борборуна барды. Тармактык түзүмдөргө балдар борборунун жетекчилигине келип чыккан маселелерди чечүүдө көмөк көрсөтүү, имаратты Кант шаарынын мэриясынын балансына өткөрүү процессин тездетүү тапшырылды.

Мындан тышкары, жумушчу сапардын жүрүшүндө Эльвира Сурабалдиева Ысык-Ата районундагы кышкы спорт түрлөрү боюнча балдардын спорттук мектебине барды.

Вице-премьер-министр тийиштүү органдарга мекемени спорт комплекси катары кайрадан түзүү жана аны Кант шаарынын мэриясынын балансына өткөрүү маселесин иштеп чыгууну тапшырды", - деп жазылат маалыматта.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости