www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2013-жылы барымтага алуу фактысы боюнча Садыр Жапаровго карата козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу юрист Урмат Сыдыков билдирди.
Маалыматка ылайык, токтомго УКМКнын башкы тергөө башкармалыгынын улук тергөөчүсү Н.Мамбетакунов 2020-жылдын 21-октябрда кол койгон.
Белгилей кетсек, Садыр Жапаров 2013-жылы Караколдо «Кумтөр» компаниясына каршы митинг уюштуруп, ошол кездеги Ысык-Көл облусунун губернатору Эмилбек Каптагаев баш болгон бир нече адамды барымтага алган деп айыпталган. Мындан улам Садыр Жапаровго карата Кылмыш-жаза кодексинин 227-беренеси («Бийлик өкүлүн барымтага алуу») боюнча кылмыш иши козголуп, сот аны 11,5 жылга эркинен ажыраткан.
Эске салсак, 2020-жылдын 5-октябрынан 6-октябрына караган түнү, Бишкектеги башаламандыктан кийин абактан бошотулган. Ошол эле күнү Жогорку сот Садыр Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосуновдун кылмыш ишин жаңы ачылган жагдайлардын негизинде кароону өтүнүчүн канааттандырган.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg