www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстан менен Өзбекстандын Борбор Азияда лидерликти көксөө тилеги Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууга себеп болууда. Орусияга көз карандылыктан чыгуу үчүн Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курушубуз керек деген оюн Өмүрбек Текебаев да айтты. Бүгүнкү күнү бир гана альтернативасы жок Казакстандын аймагы ушул чөлкөмдө темир жолду көзөмөлдөп турушу Ташкендин ичин өрттөп, Борбор Азияда лидер болуу демин суутуп жаткандай. Учурда бул оюнга согушуп жатса да апийим өндүрүп миллиардаган доллар таап жаткан Ооганстан да кошулуп жаткандай. Ооганстан Өзбекстан аркылуу Казакстанды аралап Кытайга жол ачты. Эгер ири Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу курулуп калса:
Темир жолдун рельстер ортосунда аралык ар түрдүү кетет, стандартуу деп европалык темир жолдун рельстер ортосунда аралыгы кирет, бул 1435 миллиметр. Бул жерге Ирандын темир жолдун рельстер ортосунда аралыгы да кирет. Ал эми азиялык темир жолдун рельстер ортосунда аралыгы 1676 миллиметр буга кошуналардан Кытай, Пакистан киришет. Ал эми биз эски советтик же азыркы орусиялык темир жолдун рельстер ортосунда аралыгына киребиз же 1520 миллиметр. Эгер Кытайдан темир жолдун рельстер ортосунда аралыгы азыраак экени белгилүү болсо ал ошол менен жүк алып келип орусиялык темир жолдун рельстер ортосунда аралыгы көбүрөөк рельстер менен келген поюзга жүктөй турган болсо, бул жүк жүктөөчү сьанциялар Кыргызстанга курулса канча пайда алып келет:
Кытай Орусия, Казактан, Монголия, Вьетнам, Түндүк Корея менен темир жолу менен байланышат. Казактанга Ланчьчжоу –Синьцзян темир жолу менен байланышат. Бул аркылуу Ооганстан кошулганын айттык.
Орусияга Манжур-Байкал алдындагы темир жолу, Суйфэньхэ –Ыраакы Чыгыш темир жолу, Хуньчун – Камышовка (Приморск крайы) темир жолу бар.Курулуп жаткан темир жолдору Мишандан Хабаровскиге, Тунцзяндан Амурга .
Кытай Кашкар аркылуу Кыргыз-Кытай-Өзбек темир жолунун салынышына кызыкдар. Учурда Кытай дүйнөдөгү экономикалык жактан эң күчтүү мамлекетке айланып калды. Анын товарлары ушул темир жол аркылуу нечендеген жолдорду кыскартып, Европага өтүп турушу керек. Бул темир жол Кытай мамлекетине кошумча экспорттор үчүн жол ачат. Ошондой эле артта калып бара жаткан, сепаратисттик сезимдерге чуулганган СУАРдын өнүгүшүнө шарт түзөт. Учурда бул жерде мунайзаттын айтып түгөткүз кени ачылды, ушул жерден пахтанын көпчүлүгү алынат. Кытайдын экономикасынын өнүгүшү үчүн бул темир жолдун пайдасы зор. Бул темир жолдун курулушуна Бээжиндин экономикалык кызыкчылыгы бар. Кытайдын ШКУ саммитинин алкагында Өзбекстан менен Кыргызстанды инвестициялап жатканы ушул темир жолдун тезирээк курулушу болуп жүрбөсүн?
«Ата-Мекен» партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаев тышкы саясат боюнча жалпы улуттук кызыкчылыкка багытталган көз карашы болушу керек деген оюн айтты:
«Ресурсу чектелген, коңшулардан көз каранды болгон өлкөгө тышкы саясатты жүргүзүү чынында татаал. Бул жерде чоң искусство керек, мунун жыйынтыгы көп жылдардан кийин көрүнүшү мүмкүн. Өкмөт алмашат, президенттер алмашат, бирок жетекчилер, саясатчылар ушул алгоритмди билиш керек. Мындай кылса болот, мындай кылса болбойт деп. Мен баарын төкпөй чачпай айтып коё албайм, анткени ал тескери таасирин тийгизиши мүмкүн, мен өзүмдүн жоопкерчилигимди сезем.»
Өмүрбек Текебаев географиялык артыкчылыктарыбызды бирден санап, Евразия континентинин борборунда жайгашканыбыз биздин келечекте ийгиликтерге жетишибизге шарт түзө турганын баса белгиледи:
«Мен бир нерсени баса белгилеп айткым келет. Биз коммуникациялык тупиктебиз. Евразия континентинин ортосунда, тогуз жолдон тоомунда турсак дагы айланабыз бийик тоолор, чөлдөр… Чыгышыбызда миллиарддаган калкы бар Кытай жана анын коңшулары, Түштүктө Индия жана анын коңшулары жашайт. Дүйнөнүн калкынын жарымы биздин капталыбызда турат. Ресурсу батпай жаткан Сибирь, Казактсан биздин капталыбызда. Бирок биз тупикте болгонубуз үчүн ушул абалыбызды пайдалана албайбыз. Биз азыр түндүктөгү коңшуларыбыздан көз карандыбыз. Ал көз карандылыктан чыгуу үчүн «Эски Жибек Жолу» участогун калыбына келтирип, Кытайдан Кыргызстан аркылуу темир жол алып өтүшүбүз керек. Ошондо образдуу Пётр Iдин сөзү менен айтканда 4 океанга эшик ачышыбыз керек. Инд океаны, Атлантика океаны, Тынч океанына, Түндүк океанга бар. Аларга жетүү үчүн темир жолун ачышыбыз керек. Биз түндүк коңшуларыбыздын этегин кармап күн көрөбүз, анткени жолубуз ушул жакты карап кетет. Башка жака бара албайт, эгер темир жол курулуп калса Кытай, Индия, бияга Европа, тиягы Африкага чейин жол ачылат.»
Ошондой эле, көз карандысыздыктан чыгыш үчүн Кытайдын Кыргызстан аркылуу өтүүчү темир жолу биз үчүн маанилүү экенин кошумчалады:
«Коммуникациялык көз каранды эместик, экономиканы диверсификациялайт. Демек бизге соода-экономикалык эркиндикти, соода-экономикалык эркиндик саясий эркиндикти алып келет. Азырычна чоң коңшулардын көзүн карап турабыз. Эгер дүйнөнүн төрт тарабына жолубуз болсо, мисалы, ГСМ Россия менен Казакстандан келбесе, анда Ирандан, Эмираттардан, Түркмөнстандан алып келебиз. Ошол темир жол аркылуу эшелондор жүрүп турушу керек. Бүгүн деле темир жол Өзбекстан аркылуу жакынкы чыгышка чейин барат. Эмне үчүн алып келе албайбыз? Анткени Өзбекстан жолун кааласа жаап коёт, кааласа ачат. Эгер бул трансконтиненталдык жол болгондо, анын жоопкерчилигин Кытай алса, Өзбекстан дагы, Тажикстан дагы, Түркмөнстан дагы токтото албайт. Керек болсо согуш жүрүп жаткан Афганистанга кирип барып террористтерди жок кыла алат. Ошол темир жолдорунун жүрүп турушунун бир гаранты бул Кытай. Тилекке каршы Казакстан менен Кытай бул жолдун курулушун жактырышпайт. Алардын кызыкчылыгына каршы келет».
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg