www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дипломат, Тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Аскар Бешимов Кыргызстандык жарандын уурдалышы тууралуу бийлик ачык билдирүү жасашы керек деген ойдо.

Себеби бул бир гана Орхан Инандынын окуясы эмес, жалпы кыргызстандыктардын коопсуздугун ойлонткон маселе болуп жатат.

-"Ар кандай окуялар болгондо мамлекеттер аралык сүйлөшүүлөр жүрөт, ачык же жең ичинен сүйлөшүүлөр болот. Бирок бул сүйлөшүүлөрдө ар бир мамлекет үчүн "кызыл сызык" болот. Аны аттап өтүү мүмкүн эмес, эгер ошол "кызыл сызыкты" аттаса, дүйнөлүк деңгээлде аброю түшөт. Ошол "кызыл сызык" бул Орхан Инанды эле эмес, жалпы кыргызстандыктарга бийликтин кылган мамилеси. Бизде ар бир жарандын өмүрү Башмыйзам менен кепилденген. Ар бир жаран мамлекеттин эгемендүүлүгүнүн бир бөлүгү. Ошондуктан кыргыз бийлиги азыркы окуяны сөзсүз ачыкташы керек.

Менин оюмча, бийликтин эки эле жообу болот. Биринчиси, "Туура, биз сүйлөшкөнбүз, Орхан Инандыны Түркияга өткөрүп бердик. Себеби мындай", — деп түшүндүрүп бериши мүмкүн. Экинчиси, "Жок, түрктөр келип, бизден уруксат сурабастан, каалагандай алып чыгып кетишти. Бул үчүн атайын кызмат жазаланат" деген жооп болушу мүмкүн. Күтө туралы", - дейт Бешимов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости