www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Буга чейин депутат Исхак Пирматовго «Кыргызнефтегаздагы» коррупциялык ишмердиктери, миллиондогон доллар өлчөмүндө мамлекетке зыян келтиргени боюнча кылмыш иштери козголбоду беле? Андан сырткары «Манас» эл аралык аэропортундагы май ташуу боюнча көмүскө бизнес жүргүзгөнү, Бишкек мэриясынан жерлерди алганы, о.э. Чүй облусунан да жүздөгөн айыл чарба багытындагы гектарларды энчилегени ыраспы?
Беловодскидеги, Балыкчыдагы жана түштүк регионундагы нефтебазаларды менчиктештирип алганбы? Деги эле Исхак Пирматовдун шектүү ишмердиктерин күч органдары эмнеге ачыктабайт?» деген суроону укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыровго узаттык.
- Пирматовго байланыштуу коррупциялык иштер көптөн бери эле келе жатат. «Кыргызнефтегаз», андан кийин аэропорт, деги койчу, мына ушулар маал-маалы менен же болбосо бийлик алмашканда эле көтөрүлүп, аз өтпөй Пирматов сүттөн ак, таза болуп чыга келет. «Отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн» болуп. Бул да өзүнчө «талант». Коррупция менен күрөш мамлекет үчүн оюнчук эмес. Коррупционерлерге системдик подход кылуу керек.
Коомчулукту шылдыңдагансып «Пирматов коррупционер экен» деп айтуудан мурун, анын коррупциялык иштерин сот аркылуу далилдеп, мамлекетке канча зыянды кандай жол менен келтиргенин аныктагандан кийин гана жалпы элге алып чыгыш керек. Антпесе, эчтеке боло электе эле «коррупционер экен» деп алышып, аз өтпөй «таза» болуп чыгып калып жатат. Муну биз кандайча түшүнөбүз? Ооба, Пирматовдун арты таза эмеспи, «куйругу» булганганбы? Бул суроо бойдон калууда. Бизде Пирматовго окшогондор толуп жатат...
Булак: Азия News гезити