www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин Административдик соту президенттик шайлоого катышкан талапкерлердин бири, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулованын Борбордук шайлоо комиссиясына каршы арызын канааттандыруудан баш тартты. Аталган иш бүгүн каралган. 

Ал эми Сооронкулова мындай чечимге макул эместигин айтууда.

--"Жогорку сотко кайрылабыз. Кандай болбосун, аягына чыгарышыбыз керек", - дейт ал.

Сооронкулова сотко БШКнын «Кыргыз Республикасынын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжасын аныктоо жөнүндө» токтомун мыйзамсыз деп табууну суранып кайрылган. Анын айтымында, БШК Садыр Жапаровдун соттуулугу болгондуктан аны өлкөдөгү эң жогорку мамлекеттик кызматка талапкер катары каттабашы керек эле жана Жогорку соттун чечими кайра кароого жатпайт болчу.

Жогорку соттун басма сөз кызматы Жапаров акталганын 20-октябрда кабарлаган болчу. 

Кошумчяалай кетсек, 17 талапкер катышкан президенттик шайлоодо Жапаров шайлоочулардын 80% жакын добушун алып, жеңишке жеткенин БШК 21-январда расмий жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости