www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын Тике Инвестициялык Фондусу Түркиянын фармацевтикалык продукция өндүрүүчүсү менен Түркияда Sputnik V коронавируска каршы вакцинасын өндүрүү боюнча келишим түзүп, керектүү технологиялардын трансфери башталды.

"Sputnik V вакцинасынын потенциалдуу өндүрүш көлөмү жылына миллиондогон дозаны түзөт. Келечекте өндүрүштү кеңейтүү маселеси дагы талкууланып жатат. Вакцина Түркиянын ички базарына жана башка өлкөлөргө экспорттолот”, - деп белгиледи фонд.

Түркиялык өнөктөштөр РТИФтин айтымы боюнча, 90%дан ашык натыйжалуулукту түзгөн вакцинага чоң кызыгуу көрсөтүп жатышат.

Sputnik V вакцинасы адамдын аденовирустук вектордук платформасынын негизинде иштелип чыккан жана ал Россия, Беларуссия, Аргентина, БАЭ, Венгрия, Сербия, Боливия, Алжир, Палестина, Венесуэла, Парагвай жана Түркмөнстанда регулятивдик жактырууларды алган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости